Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти өлкөбүздөгү балык чарба субъекттери жана жалпы ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бир катар санариптик платформаларды жана маалыматтык системаларды ишке киргизди.
Алардын катарында спорттук-ышкыбоздук балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн иштелип чыккан “Электрондук балык уулоо билети” маалыматтык системасы учурда активдүү колдонулуп жатат. Аталган электрондук билетти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин расмий сайты жана MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу, ошондой эле Кыргызстандын бардык банктарынын QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен алууга болот.
Ошондой эле, “Балык чарба көлмөлөрүнүн жана балык чарба субъекттеринин бирдиктүү электрондук реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыгып, учурда колдонуу стадиясында турат. Бул система аркылуу балык чарба субъекттери департамент тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды электрондук форматта алууга мүмкүнчүлүк алышат. Тактап айтканда, балык чарбасынын паспортуна жана балык өстүрүү боюнча биологиялык негиздемелерге байланыштуу арыздарды онлайн түрдө берүү мүмкүн болду.
Мындан тышкары, департамент тарабынан “Балык жана балык продукциясына байкоо жүргүзүүчү маалыматтык система” иштелип чыгууда. Бул система аквакультураны жүргүзүүдө ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышын камсыздоого, ошондой эле өлкөдө өндүрүлгөн балык продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган. Аталган система чет өлкөлөрдөн импорттолгон икраларды инкубациялоо, өстүрүү жана даяр продукцияны кайра экспорттоого чейинки бардык этаптарды санариптик форматта көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
Бул өз кезегинде аквакультура менен алектенген чарбакерлер үчүн бир катар жеңилдиктерди камсыз кылып, тармактын ачык-айкын жана натыйжалуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Департамент санариптик технологияларды киргизүү балык чарба тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү багыты экенин белгилеп, бул жааттагы иштерди мындан ары да системалуу түрдө улантат.