Вебкам: Интернеттеги көмүскө бизнестин бети ачылды
Новость

Бишкекте жана Казакстанда вебкам-студияларынын тармагын уюштурган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте интернет аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурган жана ага көмөктөшкөн Кыргызстандын 4 жаранын кармады.

Кармалгандар уюшкан топтун курамында иш алып барып, Бишкек шаарында жана Казакстан Республикасында вебкам-студияларынын тармагын түзүп, алардын иштешин камсыздап турушкан.

Тергөөдө аныкталгандай, кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында Бишкектин ар кайсы райондорунан батирлерди ижарага алып, ал жерлерде онлайн берүүлөрдү уюштурушкан.

Шашылыш тинтүү иштеринин жүрүшүндө веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик техникалар, атайын костюмдар жана онлайн берүүлөрдү жүргүзүүгө арналган башка жабдуулар табылып, алынган.

Ошондой эле мыйзамсыз жол менен алынган каражаттар “Chaturbate”, “Stripchat” жана “BongaCams” сыяктуу интернет-платформалар аркылуу табылып, “Binance” крипто капчыктарына которулганы аныкталган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.