Курулуш министрлигинде айлык 500 миң сомго жетет
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билимдүү адистерди ишке чакырат. Бул тууралуу министр Нурдан Орунтаев социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, айрым департаменттерде 500 миң сомго чейин айлык маяна алат.

“Биздин бардык департаменттерибиз өзүн-өзү камсыздоо механизми менен иштеп келет. Бизде орточо айлык маяна 150 миң сом, ал эми кээ бир департаменттерде 500 миң сомго чейин айлык маяна алат. Бул алардын сейрек билимге ээ болгонуна байланыштуу. Тагыраак айтканда, ким кандай иштесе, ошончо айлык алат. Тийиштүү билими бар жана иштөөгө даяр жарандар үчүн эшигибиз ар дайым ачык. Тиешелүү профилдеги адистер бизге келип иштеңиздер”, — деп жазды ал.