Тилсиз жоо чет элдик жарандын өмүрүн жалмады
Новость

22-январга караган түнү Ч.Айтматов проспектисиндеги “Эркин экономикалык зонасынын” аймагындагы кампадан чыккан өрттөн чет элдик жаран каза тапты. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жалпы өрттүн аянты 900 чарчы метрди түзгөн. 

Тилсиз жоону өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү кызматы тартылып, таңкы саат 05:58де толугу менен өчүрүлгөн.