Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөргө электрондук билерик аркылуу көзөмөл башталды
Новость

Пилоттук режимде Бишкек шаарынын Октябрь районунда электрондук билерик менен биринчи жолу үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүүлөрү бар делген 17 адам көзөмөлгө алынды. Аларга 20 күндөн 3 айга чейин мөөнөт менен GPS-көзөмөл жана Face ID аркылуу чектөөлөр орнотулган. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кийинки аптадан баштап электрондук билерик биринчи жолу убактылуу коргоо токтомдоруна да колдонулуп, андан соң борбордун бардык райондоруна, акырында республика боюнча кеңейтилет.

Бул долбоорду ишке ашырууга Юстиция министрлиги, ИИМ, Башкы прокуратура, Жогорку сот жана Пробация департаментинин өз ара аракеттешүүсү мүмкүнчүлүк берди.

Эске салсак, 2025-жылдын октябрь айында президент тарабынан кол коюлган үй-бүлөлүк коргоо токтомдорун күчөтүү тууралуу мыйзам электрондук мониторингди колдонууга мүмкүнчүлүк берет.