Оң рулдуу автоунааларга такси кылууга лицензия берилбейт
Новость

Социалдык тармактарда оң рулдуу автоунаалардын айдоочуларына такси кызматы аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берүү боюнча кайрылуулар жарыяланып жатат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алынган «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, рулдук дөңгөлөгү автомобилдин огуна карата оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык негизде ташуу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

Аталган чектөө Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Белгилей кетчү жагдай, бул норма такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо киргизилгенге чейин эле колдонулуп келген.

Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу жана жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы он жыл ичинде рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын катышуусунда 21 159 жол-транспорт кырсыгы катталган. Анын натыйжасында 34 656 жаран жаракат алып, 2 366 жаран каза болгон. Бул кырсыктардын 60 пайызы оң рулдуу автоунаалардын айдоочуларынын күнөөсү менен болгон.

ЖКККББ жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана жол эрежелерин так сактоого чакырып, оң рулдуу автоунааларга лицензия берилбей тургандыгын билдирет!