Бул тууралуу Кыргызстан Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Мекеменин адиси Айдар Сукенбаевдин айтымында, буга чейин батирлердин баасы кескин жогорулаган. Ал эми былтыр сентябрдан бери Бишкектеги батирлердин чарчы метринин баасы 1400 доллар болгон. Учурда бул сумма туруктуу кармалып турат.
Ошондой эле, аталган мекеменин адиси быйылкы жылдын 1-чейрегинде бааларда олуттуу өзгөрүү күтүлбөйт. Ал эми 2-чейректе баалар акырындык менен төмөндөшү мүмкүн экенин билдирди.