Токойду тоноп, жерди бөлүшкөн: Бакай-Атада аткаминерлер кармалды
Новость

Талас облусунда Бакай-Ата районунун акими, Талас токой чарбасынын директору жана башка кызмат адамдары кармалганын бүгүн, 23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында аталган кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптары системалуу түрдө одоно бузулган фактылар аныкталган.

Тактап айтканда, 2022–2023-жылдары Бакай-Ата районунун акими, ӨКМдин алдындагы Токой кызматынын Талас токой чарбасынын директору жана башка кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алып, Талас шаарына баруучу борбордук кире бериш жолдун боюнда жайгашкан мамлекеттик токой фондуна таандык жер тилкелерин эс алуу максатында мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Аталган жер тилкелери жарандар:

  • М.Н.И.ге — 3,2 гектар,
  • К.у.Ч.га — 3 гектар,
  • А.Г.А.га (Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын жубайы) — 2 гектар,
  • С.М.Т.га — 1,2 гектар
     мыйзамсыз бөлүнүп берилип, ал аймактарда туруктуу эс алуу жайлары курулган.

Жер тилкелери токой чыгымдарын эсептебестен жана төлөбөстөн, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусуз, кадастрдык жана архитектуралык каттоодон өтпөстөн берилгени аныкталган. Натыйжада токой жоготуулары үчүн төлөмдөн качуудан мамлекетке келтирилген зыян 23 миллион сомдон ашкан.

Мындан тышкары, 2024-жылы аким А.Б.М. кызматтык абалынан пайдаланып, тиешелүү уруксаттарсыз Ак-Дөбө айыл аймагында 475 даана «мырза терек» дарагын кыюуга уруксат берген. Бул иштер мурдагы депутат С.И.А. жана айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Б.О.Ж. менен алдын ала сүйлөшүү аркылуу жүргүзүлгөн. Натыйжада мамлекетке 5 миллион 310 миң 505 сом зыян келтирилген.

Бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, А.Б.М. жана А.Н.Ж. аттуу кызмат адамдары кармалып, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.