Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 36-чакырымында Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып даракты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен бир аял киши каза болуп, эки аял жана бир кыз жабыркаган. Жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.
Окуя болгон жерге Ысык-Ата райондук №4 өрт-куткаруу бөлүмүнөн үч куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин жана жабыркагандарды унаадан чыгарышкан. Андан соң алар тез жардам кызматына өткөрүп берилген.