Эмгек китепчеси санариптештирилет
Новость

Эмгек китепчеси Кыргызстанда толугу менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди.

Анын айтымында, бул демилге Эмгек кодексинин жаңы редакциясынын алкагында ишке ашырылууда. Жаңы мыйзамга ылайык, бардык мамлекеттик жана жеке менчик уюмдар үчүн электрондук эмгек китепчесин колдонуу милдеттүү болуп калат. Бул кадам эмгек мамилелерин санариптештирүүгө, кызматкерлер тууралуу маалыматтарды так жана коопсуз сактоого багытталган.

Электрондук эмгек китепчелери e-Kyzmat маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт. Ишканалар аталган система менен интеграцияланып, бирдиктүү маалымат базасы түзүлөт. Анда кызматкердин ишке киргенден тартып, кызмат ордун алмаштыруусу, эмгек стажы, кызматтан бошотулушу тууралуу бардык маалыматтар электрондук форматта сакталат.

Камчыбек Досматов белгилегендей, бул система кагаз жүзүндөгү эмгек китепчелерин жоготуу же бурмалоо тобокелчилигин азайтат. Ошондой эле жарандар үчүн эмгек стажын тастыктоо, пенсия жана социалдык төлөмдөрдү эсептөө процесси жеңилдейт.

Мындан тышкары, электрондук формат иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүп, мамлекеттик органдар үчүн да эмгек рыногун талдоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Учурда системаны этап-этабы менен киргизүү жана уюмдарды e-Kyzmat платформасына кошуу иштери жүргүзүлүүдө.