Пара бербесең — депортация: “Калкалайм” деп чөнтөк каккан инспектор
Новость

21-январда УКМК тарабынан Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын катышуусунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 3-шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык инспектору, милициянын лейтенанты пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган милиция кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ош шаарында иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандарга системалуу түрдө кысым көрсөтүп, коркутуп келгени аныкталган. Ал алардын жумушка уруксаты жок экенин билип туруп, “калкалоо” үчүн ай сайын 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча алып турган.

Эгерде чет өлкөлүк жарандар акча берүүдөн баш тартышса, аларга айып пул салуу жана депортациялоо менен коркутуп жүргөнү белгилүү болду.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, милициянын лейтенанты кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды жана кошумча мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө иш-чараларын улантууда.