Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына Бишкек шаарынын Анар-Бак жаңы конушундагы мыйзамсыз курулуштар боюнча маалымат жарыялады.
“Бишкек шаарындагы Анар-Бак жаңы конушунда мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча чечим кабыл алынган. Ушуга байланыштуу интернет булактарында кыш чилдеде, адамдар жашап жаткан үйлөр да бузулат экен деген нааразычылык билдирген видеолор жана маалыматтар тарап жатат.
Бул видеолор жана маалыматтар Президент Садыр Нургожоевичке жеткен. Президент бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, кыш мезгили бүткөнгө чейин адамдар жашап жаткан үйлөрдү бузбоо боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев расмий билдирүү жасап, төмөнкүлөрдү маалымдады.
Ичинде адамдар жашап жаткан үйлөр бузулбайт.
Мыйзамсыз куюлган фундаменттер, дубалы тургузулуп, бирок толук бүтө элек курулуштар, киши жашабаган, имараттар гана алынат жана тазаланат.
Демек, адамдарды көчөгө чыгарып, жашап жаткан үйлөрүн бузат экен деген маалыматтар чындыкка дал келбейт”, - Орунбеков.