Ташиев үч эмдүү үй-бүлөгө жаңы батир тапшырды
Новость

2026-жылдын 21-январында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-полковник К.Ташиев үч эмдүү жаш үй-бүлө, Р.Сыргабаев жана М.Калиевага Бишкек шаарынын борборундагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Талас облусундагы үй-бүлөнүн кайрылуусу интернетке жарыяланган. Алар оор материалдык абалда болуп, турак жай маселесин чечүү боюнча жардам сурашкан. 2025-жылдын 5-июлунда Сыргабаевдер мэрияга кайрылып, бирок каттоосу жоктугунан жардам албай калган.

Р.Сыргабаев жана М.Калиева 2024-жылдын ноябрынан бери никеде жашашат жана учурда ижарадагы батирде жашашат. Үй-бүлөнүн башчысы курулушта эмгектенет.

Жаш үй-бүлөдө үч эмдин төрөлгөнүн эске алуу менен, ошондой эле өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртуу жана калктын өсүшүн колдоо максатында, генерал-полковник К.Ташиев  тарабынан Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.

Генерал-полковник К.Ташиев жаш үй-бүлөгө чың ден соолук, бакубат жашоо жана жаркын келечек каалады.

Өз кезегинде Р.Сыргабаев жана М.Калиева көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө көп жылдан бери көрсөтүп келген активдүү колдоосу үчүн генерал-полковник К.Ташиевге чын дилден ыраазычылык билдирди.