Салык кызматы иш жүзүндөгү чарбалык операциясы жок электрондук эсеп-фактураларды тариздөө фактыларын аныктоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик Салык кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, бул мыйзам бузуулар тобокелдикке багытталган ыкманы, ошондой эле заманбап санариптик куралдарды жана маалыматтык системаларды колдонуу аркылуу жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде аныкталууда.
Айрым ак ниетсиз салык төлөөчүлөр салыктык эсепке алуу маалыматтарын атайылап бурмалап, жалган электрондук эсеп-фактурасын тариздөө жолу менен жасалма чыгымдарды түзүп, салыктык милдеттенмелерди мыйзамсыз түрдө азайтууга аракет кылышууда.
Мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын түздөн-түз бузуу болуп саналат жана мыйзамдарда каралган жоопкерчилик чараларына алып келет.
Белгилей кетсек, электрондук эсеп-фактураларды тариздөө реалдуу чарбалык операциялар жана товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү кыймылы тастыкталган учурда гана жол берилет.
Электрондук эсеп-фактураны жасалма документ жүгүртүү схемаларында колдонууда жасалган бардык аракеттер аныкталып, токтотуларын эскертебиз.
Салык кызматы мындай салык төлөөчүлөрдү мыйзамга каршы аракеттерди токтотууга жана ак ниет ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө чакырат, анткени мыйзамдарда каралган санкциялар жана жоопкерчилик чаралары сөзсүз колдонулат жана ал жетишерлик денгээлде абдан катуу мүнөзгө ээ. Мындай схемалар эртеби-кечпи аныкталат жана олуттуу финансылык жоготууларга алып келет.
Салык кызматы мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштерди мындан ары да улантып, күчөтөт. Жалган электрондук эсеп-фактураны тариздөөнүн бардык аныкталган фактыларына тийиштүү укуктук баа берилет.