Ошто электр слесарлар имараттуу болушту
Новость

Бүгүн Ош электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматынын электр слесарлары үчүн курулган жаңы кызматтык имараттын ачылышы өттү. Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.

Аталган объект кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу жана заманбап талаптарга жооп берген ыңгайлуу жумуш ордун камсыз кылуу максатында курулган.Курулуш иштери "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК тарабынан каржыланып, долбоордун жалпы баасы 7 млн 60,76 миң сомду түзгөн.