А. Навои паркы жаңыланат: 5 миң көчөт отургузуу пландалууда
Новость

Быйыл Ош шаарындагы А. Навои атындагы паркка 5 миң түп көчөт отургузулат. Бул тууралуу шаар мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейд учурунда билдирди.

Эске салсак, буга чейин шаар башчысы аталган парктагы бир катар соода-сатык жайларын алып салуу боюнча тапшырма берген. Анын айтымында, парк толугу менен жаңыланып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлүшү зарыл.