Бүгүн эл аралык жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдордо, ошондой эле ашууларда жол ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык,Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында кар жаап жатат. Аталган ашууларда Жол тейлөө ишканалары тарабынан тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон жана Түз-Бел ашууларында, ошондой эле Түп – Кеген унаа жолунда каттам ачык. Унаа жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу жана кар күрткүлөрүн тазалоо иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө.
Министрлик айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.