Бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү диктор Тамара Алсеитова эскерилди.
Эскерүү кечеге Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Кыргыз эл жазуучусу Кайрат Иманалиев, УТРКнын башкы директору Улан Сатиев жана диктордун туугандары, жакын-санаалаштары, кесиптештери катышып, эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окулду.
Белгилей кетсек, Тамара Алсеитова кыргыз радиосунда жана телекөрсөтүүсүндө 20 жылдан ашык убакыт дикторлук кесипти аркалап, кыргыз элине өз кесибинин чыгаан устаты катары таанылган. Ал өз убагында көптөгөн радио уктурууларды, көрсөтүүлөрдү кыргыз жана орус тилдеринде алып барып, радионун алтын үнү, телевидениненин жүзү болгон.








