УКМК Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысын, милициянын майорун катарда тизилип турган жеринен кармап кетти. Ал опузалап акча талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча жоопко тартылып жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, майор кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, убактылуу кармоочу жайда ыңгайлуу шарттарды убада кылуу аркылуу жарандан акча талап кылган. Жабырлануучу акчаны төлөөдөн баш тарткандан кийин, майор жана башка ИИБ кызматкерлери ага карата физикалык күч колдонушкан.
Бул окуя ачыкка чыккандан кийин, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы ички иштер органдарындагы кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.
Иликтөөнүн жыйынтыгында ал кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөөнүн алкагында Ысык-Көл райондук ИИБдин башка кызмат адамдарынын да бул фактыга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.