Эртең көпчүлүк аймактарда кар жаайт
Новость

28-январга караган түнү Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. 

Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5 күндүз 3…8

Таласта түнкүсүн -2…-7 күндүз 1…6

Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2 күндүз 2…7

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2 күндүз 2…7

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6 күндүз 0…5

Нарында түнкүсүн -15…-20 күндүз -3…-8

Бишкек шаарында түнкүсүн 0…-2°, күндүз 6…8° болот.