2025-жылы 26 тонна алтын өндүрүлдү
Новость

2025-жылы тоо-кен тармагынан мамлекеттик бюджетке 65,4 миллиард сом түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматынын директорунун орун басары Руслан Калилов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогору. Тактап айтканда, 2024-жылы тоо-кен тармагынан бюджетке 42 миллиард сом салык түшкөн.

Ошондой эле 2025-жылы өлкөдө жалпысынан 26 тонна алтын өндүрүлгөн.