Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирет.
Лицензия алуу үчүн талап кылынган документтердин басымдуу бөлүгүн «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алуу мүмкүн.
Лицензия алуу үчүн керектүү документтер:
- Жеке жакты тастыктаган документ (паспорт);
- Салык органына катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилик боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими;
- Автотранспорт каражатын каттоо күбөлүгү;
- Тиешелүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү (айдоочулук стажы 3 жылдан кем эмес);
- Соттуулугу тууралуу маалымкат.
Белгилей кетсек, 1-февралга чейин убакыт аз калды. Ушуга байланыштуу бардык такси айдоочуларын талап кылынган документтерди өз убагында чогултуп, лицензия алууга чакырабыз. Белгиленген мөөнөттөн кийин рейддик иш-чаралар башталат.