Окутуу "YouTube-мектеп" билим берүү долбоору аркылуу ишке ашат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Долбоордун катышуучулары Реабилитациялык борбордо дарыланып, протездик-ортопедиялык буюмдарды алып жаткан, калыбына келтирүү дарылоодон жана социалдык адаптациядан өтүп жаткан майыптуулугу бар адамдар болуп саналат. Бул долбоор онлайн-платформаларды колдонуу аркылуу майыптуулугу бар адамдардын санариптик көндүмдөрүн, медиасабаттуулугун жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө багытталган.
Окутуунун алкагында катышуучулар YouTube платформасы менен иштөөнүн негиздерин өздөштүрүшөт:
- контент түзүү;
- видеого тартуу;
- монтаждоо;
- каналдарды жүргүзүү;
- социалдык тармактарда иш-алып баруу;
- жеке брендди жана коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү.
Биринчи бөлүктө 16 адам окуудан өтсө, долбоордун аягына чейин 80 майыптуулугу бар адамды окутуу пландалууда. Окутуунун жыйынтыгында катышуучуларга курстан өткөндүгү тууралуу күбөлүктөр тапшырылат.
Белгилей кетсек, аталган долбоор республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана Реабилитациялык борбор "Мүмкүнчүлүк" бирикмеси менен биргеликте ишке ашырылууда.