Эдил Байсалов: Бул беш жыл Кыргызстан үчүн чоң бурулуш болду
Новость

“Бүгүн Президент Садыр Жапаров ант берип, Кыргызстандын тизгинин расмий алгагына туура беш жыл толду. Бул беш жыл Кыргызстанга чоң бурулуш мезгили болду. Өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Мамлекетти бекемдөө, тартипке салуу, ишенимди кайтаруу, өнүгүүнүн жаңы багытын аныктоо боюнча олуттуу тарыхый кадамдар жасалды”, – деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасына.

Анын айтымында, бүгүн президент Садыр Жапаров ант берген күндөн бери туура беш жыл өттү.

“Мен үчүн президент Садыр Жапаровдун командасында кызмат кылуу — чоң жоопкерчилик жана сыймык. Мамлекет башчыга мага ишеним көрсөтүп, мындай тарыхый өзгөрүүлөргө катышууга мүмкүнчүлүк бергенине терең ыраазычылык билдиремин.

Садыр Жапаровдой таза жана күчтүү инсанды президенттикке шайлаган улутман жана айкөл элибизге ыраазычылык: ишеним, сабыр жана туруктуу колдоо болбосо, бул тарыхый ийгилик мүмкүн эмес эле.

Алдыда жол дагы татаал. Алгачкы тоскоолдуктар артта калды, эми жаңы, андан да чоң чакырыктар турат. Анткени биздин улуттук лидер жетишкен натыйжалар менен чектелбейт. Максат – өнүккөн, гүлдөгөн Кыргызстан жана дүйнөлүк деңгээлде атаандаш боло алган күчтүү жаш муун.

Эгер өткөн беш жылда өлкөбүз эки эсеге өзгөрсө, алдыдагы беш жыл андан да терең, андан да олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келет деп ишенем.

Жашасын Кыргызстан!”, – деп жазды ал.