Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү
Новость

Бүгүн, 28-январда саат 12:20да Бишкек – Ош унаа жолунун 247+500 чакырымына узундугу болжол менен 50 метр бийиктиги 2 метр болгон кар кɵчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттам убактылуу эки тараптуу жабылды. Учурда №23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.