Бишкекте жол кирени төлөбөй жүргөн 369 жүргүнчү айыпка жыгылды
Новость

2025-жылы Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кирени төлөбөй жүргөн 369 жүргүнчү айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы салынган айып пулдардын суммасы 369 миң сомду түзгөн. 

Автобустарда жол акысын төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо боюнча рейддер 2024-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Текшерүүлөрдү «Бишкекшаартранспорт» ишканасынын кызматкерлери «Тулпар» мекемеси менен биргеликте жүргүзүшөт.

Жол кирени төлөбөй жүргөндүгү үчүн айып пул 1 миң сомду түзөт.

Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кире транспорттук карта менен төлөгөндө 17 сом, накталай төлөгөндө 20 сом. Окуучулар үчүн «Тулпар» атайын окуучу картасы бар, анда жол кире 8 сомду түзөт.
 Пенсионерлер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жол кире акысыз.