Бүгүн, 2-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусундагы медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана калктын саламаттыгын коргоо максатында 20 кызматтык автоунаанын ачкычын мекеме жетекчилерине тапшырды.
Тактап айтканда, автоунаалар төмөнкү мекемелерге бөлүштүрүлдү:
- Нарын облустук бириктирилген ооруканасына (төрөт бөлүмү) – 3 унаа;
- Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна (Нарын шаары, Нарын району, Кара-Кужур, Орук-Там) – 4 унаа;
- Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна – 1 унаа;
- Нарын облустук соттук медициналык экспертиза бюросуна – 1 унаа;
- Б. Шамеев атындагы Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна (Торугарт ФАП, төрөт бөлүмү) – 3 унаа;
- О.А. Коккозова атындагы Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна (Кош-Дөбө айылдык ооруканасы, төрөт бөлүмү) – 3 унаа;
- Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна (Миң-Куш айылдык ооруканасы, төрөт бөлүмү) – 3 унаа;
- Кочкор райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна (төрөт бөлүмү) – 2 унаа.
Автоунааларды тапшыруу учурунда генерал-полковник Камчыбек Ташиев медицина тармагы мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин белгиледи.
«Саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөтүү — негизги багыттарыбыздын бири. Элдин саламаттыгы чың болсо, өлкөнүн келечеги да бекем болот. Бул унаалар ар бир жаран үчүн, элдин ден соолугу үчүн кызмат кылышы керек. Калктын саламаттыгы — башкы орунда», — деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Нарын облусундагы медициналык мекемелерде кызматтык автоунаалардын жетишсиздигинен улам калкка ыкчам медициналык жардам көрсөтүүдө олуттуу кыйынчылыктар жаралып келген.

