Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарынын көзөмөлдөө жана контролдоо кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкө боюнча 28 инспектор 1173 текшерүү жүргүзүп, эмгек мыйзамдарынын 1885 бузулушун аныктаган.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузгандарга аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөр берилген. Катталган өндүрүштүк кырсыктардын кесепетинен 161 адам жабыркап, алардын 94ү оор жаракат алган, 63 кызматкер каза болгон.
Аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча салынган айып пулдардын жалпы суммасы 8 млн 838 миң сомду түзүп, анын 6 млн 936 миң сому өндүрүлгөн. Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө төлөнгөн компенсациялардын көлөмү 111 млн 57 миң сомго жеткен. Ошондой эле кызматкерлерге эсептелген, бирок убагында төлөнбөгөн эмгек акынын жалпы суммасы 14 млн 726 миң сомду түзгөн.
Мындан тышкары, кызматтын ишмердүүлүгүнүн алкагында 120 соттук-эксперттик катышуу камсыздалып, эмгекти коргоо боюнча 236 окутуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Жарандардан түшкөн 1306 жазма кайрылуу каралып, 6541 оозеки консультация берилген.
Кызмат эмгек мыйзамдарынын сакталышын системалуу көзөмөлдөө кызматкерлердин укуктарын коргоого, эмгек тартибин бекемдөөгө жана жумуш орундарындагы коопсуздукту жогорулатууга багытталганын белгилейт.