Таласта 25 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды
Новость

2000-жылдын 6-декабрында зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле жылдын 11-декабрында Талас райондук прокуратурасы тарабынан айыпкерге карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Ага карата издөө жарыяланып, кармалган учурда камакка алуу жөнүндө токтом чыгарылган.

Кийин Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, аталган кылмыш иши Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 129-беренесинин 1-бөлүгүнөн 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кайра квалификацияланган.

Шектүү 25 жыл бою, тактап айтканда 2000-жылдын 18-февралынан бери издөөдө жүргөн. Талас РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал 2024-жылдын июнь айында Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарынан кармалып, экстрадициялоо иштери жүргүзүлгөн.

2026-жылдын 1-февралында шектүү Кыргыз Республикасына алынып келинип, Талас РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.