УТРК телевидение, радио тармагында иштөөнү каалаган таланттуу жаштар арасында кастинг өткөрдү. Ага 200гө жакын катышуучу келген .
Мындан сырткары аталган сынак облустук телевидениелердин базасында да уюштурулган.
Касттингдин башкы максаты – кадрдык курамды жаңылоо, көрүмдүү программаларды даярдоочу жаңы көз караштагы жаштарды тартуу жана талантуу жаштарга мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, УТРК мындай кастингдерди байма-бай уюштуруп келет. Буга чейинки уюштурулган кастингдин жеңүүчүлөрү учурда УТРКнын телеканалдарында иштеп жатышат. Бул жаштарга эфир аркылуу өздөрүн таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берет.









