Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына жумуш сапары менен барды
Новость

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-Президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен БАЭге жумуш сапары менен барды.

Иш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышып, БАЭнин жогорку даражалуу жетекчилери жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда, БАЭнин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда саммиттин алкагында “Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн “Ак илбирс” модели: мамлекеттик акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, бул кошумча иш-чара Кыргыз Республикасынын демилгеси менен биринчи жолу саммиттин алкагында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Эмират тараптын өкүлдөрү менен панелдик талкуулар болот.