Сокулукта төрт жаштагы үч кичинекей бала көлмөгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Окуя Жаңы-Пахта айылында болгон. Балдардын сөөгүн жергиликтүү тургундар алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жашоочулар балдар көлмөнүн үстүндөгү музда ойноп жүрүшкөнүн айтышууда.