Иракта кармалган жаран Кыргызстанга кайтып келди
Новость

Коомчулукта талкуу жараткан Ирактын аймагында кармалган кыргыз жараны А.Б.Дженалиева Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдайт. 

Маалыматка караганда, 2025-жылдын 7-ноябрында аталган жаранга байланыштуу маалыматтар социалдык тармактарда тарай баштаган учурдан тартып, А.Б.Дженалиевага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги Элчилиги маселени тактоо жана жарандын укуктарын коргоо багытында ыкчам иштерди баштаган.

Элчиликтин кызматкери тарабынан маселе толук чечилгенине чейин Ирак Республикасынын тиешелүү органдары менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү жүргүзүлүп, А.Б.Дженалиеванын жакындары менен туруктуу байланышта болуп, телефон сүйлөшүүлөр аркылуу кеңири маалымат берилип турган.

Жыйынтыгында, А.Б.Дженалиеванын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өлкө аймагынан мажбурлап чыгарылышы тездетилип, 2025-жылдын 26-декабрында ал Кыргыз Республикасына кайтып келген.

Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандардын жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырат.