Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге катуу эскертүү берилди
Новость

Ош базарындагы сатуучулар менен жолугушууда Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев эмоцияга алдырган сүйлөшүү жүргүзгөнү үчүн Президент Садыр Жапаров тарабынан катуу эскертүү алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы калк менен баарлашууда адептүүлүк, сабырдуулук жана маданият сакталууга тийиш экенин белгилеп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге эл менен туура диалог жүргүзүүнү тапшырды.