Быйыл Орозо айы 19-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирет.
“Бул боюнча Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши чечим кабыл алды. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-февраль күнү кечинде өлкө аймагындагы жалпы мечиттерде тараба (таравих) намазы окулат”,-деп берилет маалыматта.
Ал эми Рамазан айындагы эң улуу түндөрдүн бири болгон Кадыр түн (Ляйлатуль-кадр) 16-марттан 17-мартка караган түнгө туура келет.