Нарын облусунун Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан, 2025-жылы Коорупцияга каршы аракеттенүү, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо багытында бир катар иш чаралар аткарылды.
Өткөн жылы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында 104 текшерүү жүргүзүлүп, 227 мыйзам бузуулар аныкталган. Натыйжада 106 кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке, ал эми 36 кызмат адамы айыпка тартылып, мамлекеттин эсебине 2 миллион 666 миң 704 сом акчалай, 233 миллион 522 миң сом мүлк түрүндө өнүрүлдү.
Ошондой эле, коррупциялык элементтер боюнча 5 кылмыш иш козголуп, алардын жыйынтыгы менен тийиштүү кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылышкан.