Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында өзүнүн биринчи мугалими Кеңешкан Шаменова менен жолугушту.
Буга чейин УТРКнын Ютуб каналына Садыр Жапаровдун башталгыч класстагы мугалими ага кайрылып, жеке жолугушууну суранган видеоролик тараган.
Жылуу жана бейформал шартта чай үстүндө баарлашууда Президент Кеңешкан Шаменова ага алгачкы жолу “А”тамгасын жазууну үйрөткөнүн ушул күнгө чейин унутпай турганын белгиледи. Ал ошол кезде балдар бала бакчада даярдыктан өтпөй, мектепке түз эле жети жашында барышканын айтып берди.
Садыр Жапаров башталгыч класстарда окуган кезиндеги мугалиминин сабырдуулугу жана эмгеги үчүн ага терең ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кеңешкан Шаменова окуучусунун ишмердүүлүгүн сыналгыдан тыкыр көзөмөлдөп турарын жана анын Президент катары жетишкен ийгиликтерине чын жүрөктөн кубанарын айтты.
Ал Садыр Жапаров бала кезинде эле дептерине “Эл үчүн иштейм” деп жазганын эске салды.
Мугалим өлкөдөгү өзгөрүүлөр тууралуу да ой бөлүшүп, аймактык аэропорттордун ишке берилишин, айыл-кыштактардын көрктөндүрүлүшүн жана чек ара маселелеринин чечилишин өзгөчө белгиледи.
Садыр Жапаров өлкөдө эң башкысы туруктуулук болсо, анда бардык чөйрөлөрдө өнүгүү болоруна токтолду.
Жолугушуунун соңунда Кеңешкан Шаменова Президент Садыр Жапаровго батасын берип, кыргыз элине биримдик, тынчтык жана өнүгүүнү тилек кылды.


