Президент Садыр Жапаров дүйнөлүк криптоиндустриядагы маанилүү фигуралардын бири Чанпэн Чжао менен Караколдо. Бул тууралуу активист Атай Бейшенбек Facebook баракчасына жазды.
“Негизи Кыргызстан бул тармакка системалуу түрдө 2022-жылы, «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин кирген. Натыйжада, 2025-жылдын 9 айында эле виртуалдык активдердин жүгүртүүсү 1,78 трлн сомду түзүп, бюджетке түшкөн салыктар 2 млрд 42 млн сомго жетти.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда расмий лицензиясы бар 185тен ашык виртуалдык активдерди алмаштыруу пункту, 13 криптобиржа, 50дөн ашык лицензияланган компания иштеп жатат. Кыргызстан Борбор Азияда виртуалдык активдердин жүгүртүүсү боюнча Казакстандан 8 эсе, Өзбекстандан 19 эсе көп болуп, ишенимдүү рынок катары 1-орунда.
Эл аралык Chainalysis индексине ылайык, Кыргызстан криптоактивдүүлүк боюнча дүйнөнүн алдыңкы 20 өлкөсүнө кирди. Тармактын экономикага кошкон кыйыр таасири 10 млрд сомго чейин бааланат (жалданган кызматкерлер, офис ижарасы, сервис ж.б.).
Мисалы, виртуалдык активдер тармагы 2025-жылдын 9 айында эле бюджетке 2 млрд сомдон ашык салык төлөдү. Ал эми жалпы Кыргызстандагы патенттик система бюджетке 2025-жылы 1,3 млрд сом киреше берген. Дордой базары 10 айда 727 млн сом салык төлөсө, криптоиндустрия 9 айда эле 2 млрд сомдон ашык каражатты бюджетке алып келди.
Башкача айтканда, легалдуу санарип сектор толук эмес бир жылда салттуу бүтүндөй бир салык режиминен көбүрөөк киреше берип жатат.
Ошондуктан Президент жүргүзүп жаткан саясат келечекте экономикабызга дагы да масштабдуу салым кошо турган, так эсептелген киреше булагы”, — деп жазган ал.