Ак-Суу РЭТинин кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды
Новость

УКМК тарабынан коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жана системалуу коррупцияны толугу менен жоюу, ошондой эле Ысык-Көл облусунун энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу максатында 2026-жылдын 29-январында пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери кармалды.

Ал электр эсептегичинде пломба жок болгондугу үчүн айып пулдун суммасын азайтуу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн ишкерлерден накталай акча түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.

Чогултулган далилдердин негизинде кармалган кызматкер Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.