Жыл башынан бери 81,4 млн сомго 42 техника лизингге берилди
Новость

Акыркы жылдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо жана жаңылоо, ошондой эле аларды заманбап айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу багытында бир катар иш-чаралар аткарылып келүүдө.

Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, ошондой эле лизинг механизмин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен «Айыл Банк» жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылган.

Бул долбоорлордун алкагында айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар жеңилдетилген шарттарда сунушталууда. Тактап айтканда, техникалар жылдык 6 пайыздык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө лизингге берилет.

Мамлекеттин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлорунун алкагында бүгүнкү күнгө чейин жалпы суммасы 27,7 млрд сомду түзгөн 9 725 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди. Анын ичинде 2026-жылы 81,4 млн сомго 42 даана техника дыйкандарга өткөрүлүп берилген.

Министрлик мындан ары да айыл чарба тармагын техникалык жактан чыңдоо жана дыйкан-фермерлерди колдооиштерин улантат.