Жалал-Абад облусунун Манас шаарында Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан сүткордук фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү жаран өз үйүндө “кара ломбард” деп аталган мыйзамсыз жай уюштуруп, жылына 150 пайыздан ашык үстөк менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, ошондой эле баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды күрөөгө алып, акчалай насыя берип келген.
Тактап айтканда, жабырлануучулардын бири шектүүдөн 1 миллион сом карыз алып, ай сайын 150 миң сомдон пайыз төлөп турганы аныкталган. Карызды төлөө мөөнөтүндө сүткор карызкордун мүлкүн тартып алуу үчүн опузалап, коркутуп-үркүтүп, кечиккен пайыздарды төлөөнү талап кылган. Мындан тышкары, ал карызкордун унаасын тартып алган.
2026-жылдын 4-февралында шектүү жаран 200 миң сом пайыз алып жаткан учурда кармалган.
Жашаган жерин тинтүү учурунда кыймылсыз мүлккө тиешелүү техникалык паспорттор, өздүгүн тастыктаган документтер, жер тилкелерине жеке менчик укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар, күрөөгө коюлган зер буюмдар жана башка далил буюмдар табылган.
Тергөө учурунда шектүү күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берген. Анын негизинде ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда анын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган адамдарды, башка карыз алуучуларды жана күрөөгө коюлган мүлктөрдүн мыйзамдуу ээлерин аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда. Тергөө аяктагандан кийин алынган күрөө мүлктөр мыйзамдуу ээлерине кайтарылып берилери белгиленди.