Президенттин “КРнын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер

Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

– алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

– Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;”;

– төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен

толукталсын:

– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.”.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4.  Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.