Камчыбек Ташиевдин жеке коопсуздугун камсыздоо мындан ары да улантылат
Новость

“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда",-деп билдирди Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди. Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат.