Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кеткенин жарыялады. Бирок, ал депутат бойдон кала берет.
“Расмий сапарда жүргөндө өлкөдө саясий оош-кыйыштар болуп кетти. Менин дарегиме да бир топ сөздөр айтылды. Мен эки же бир адамга кызмат кылбайм. Мен кыргыз элине жана парламентке кызмат кылып келгем. Бул менин жеке чечимим, мага эч ким саясий басым-кысым көрсөткөн жок”,-деп билдирди ал.