Бүгүн, 12-февралда Нарын облусунун Жумгал районунда Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 198–200-чакырым аралыгында болжол менен саат 09:29да көлөмү 1000 м³ кар көчкү түшүп, жол жабылды. Тазалоо иштерине №24 ЖТИден 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылды.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда аталган унаа жолдун 275-чакырымында саат 07:00 чамасында көлөмү 2400 м³ кар көчкү түшүп, жол жабылган. Жерине №18 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып, саат 08:05те жол толугу менен тазаланып, унаа каттамы калыбына келтирилди. Жабыркагандар жок