Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды
Новость

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Орозбеков Адилет Орозбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Маалымдама: Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин "Дипломатия жана эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россия Федерациясынын ФКК Академиясында окуган. 
Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет. 

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине, полковник аскердик наамына ээ.

Эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп баштаган жана 2017-жылга чейин ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген. 

2007-2009-жж. – КР УКК конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары; 
2009-2010-жж. – КР УКМК эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары – КР УКМК эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
2012-2017-жж. – КР УКМК антитеррордук борборунун башкы эксперти; 
2017-жылдан баштап тышкы иштер министрлигинде, Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча улуттук координатордун аппаратында иштеген; 
2017-2019-жж. – Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти;
2023-2024-жж. – КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти; 
2025-жылдын декабрынан азыркы убакытка чейин – КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.