Каракол шаарында ок атуучу куралдар сакталган жашыруун жай табылды
Новость

Бул туурадуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо, жүгүртүүнү аныктоо жана алдын алуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск шаар тибиндеги поселкасында жашыруун жайды аныктады.

Кароо жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр алынды: 1 даана кесилген мылтык (12 калибрлүү, ок салынган), 1 даана «ПМ» үлгүсүндөгү согуштук тапанча (сегиз ок менен октолгон), 1 даана колго жасалган согуштук револьвер (эки ок менен октолгон), 1 даана травматикалык тапанча (үч ок менен октолгон), ошондой эле аларга тиешелүү ок-дарылар жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин формасы (12 калибрлүү жылмакай ок атуучу куралга 5 ок, «ПМ» тапанчасына 26 ок).

Оперативдүү маалыматтар боюнча, аталган жашыруун жай мурда мыйзамсыз иш-аракеттеринде ок атуучу курал колдонгон К.Асанбектин жоюлган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана тиешелүү экспертизалар дайындалды.