Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланды. Анын талапкерлигин 77 депутат колдоп, бешөө каршы добуш берди. Добуш берүүгө жалпы 83 депутат катышкан.
Ал 45 жашта. Бишкек шаарында туулган.
Билими
1998 — 2002-жылдар:
И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Маалыматтык технологиялар факультети, «Автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги — бакалавр даражасы
2002 — 2003-жылдар:
И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Маалыматтык технологиялар факультети, «Техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги — магистратура
2009 — 2011-жылдар:
Кыргыз экономикалык университети, «Каржы жана кредит» адистиги — жогорку билим
2011-жыл:
Сингапур шаарындагы Civil Service College, «Мамлекеттик кызматтагы адам ресурстарын башкаруу» адистиги
2019 — 2023-жылдар:
И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Транспорт жана робототехника институту, «Автоматташтыруу, робототехника жана мехатроника» адистиги — аспирантура; техника илимдеринин кандидаты
2024-жыл:
Кыргыз экономикалык университети, докторантура (PhD), «Экономика» багыты
2024-жыл:
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, экинчи жогорку билим, бакалавриат, «Юриспруденция (жарандык-укуктук ишмердүүлүк)»
2024-жыл:
Россия Федерациясынын Президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РАНХиГС), «Жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун жогорку мектеби»
Эмгек жолу (Кесиптик тажрыйба)
2021-жыл — азыркы учурга чейин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышы
– «Ынтымак» фракциясынын лидери, депутат
– «Ынтымак» саясий партиясынын лидери
– Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү
2018 — 2021-жылдар:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышы
– Депутат
– Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү
2016 — 2018-жылдар:
ЖАК «Аллор Строй Сервис»
– Башкы директор
– «Азия молл» соода-оюн-зоок борборунун башкы директору
2013 — 2016-жылдар:
ЖАК «СУ-12»
– Башкармалыктын төрагасы
2012-жыл:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
– Реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы
2011 — 2012-жылдар:
Экономикалык жөнгө салуу министрлиги
– Мамлекеттик катчы, башкармалыктын башчысы
2010 — 2011-жылдар:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
– «Ар-Намыс» депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы
2010-жылдын августу — ноябры:
«Ар-Намыс» саясий партиясы
– Аппарат жетекчиси
2009 — 2010-жылдар:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
– Биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси
2007 — 2009-жылдар:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги
– Уюштуруу-кадр иштери жана каржылык камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын башчысы
– Министрдин кеңешчиси
– Министрдин жардамчысы
2006 — 2008-жылдар:
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги
– Министрдин жардамчысы
2003 — 2006-жылдар:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
– Маалыматтык системалар башкармалыгынын башчысы
– Башкармалык башчысынын орун басары — программалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
– Башкы адис
– Жетектөөчү адис
Сыйлыктары
– «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мыкты кызматкери»
– «Кыргыз Республикасынын каржы-экономикалык кызматынын мыктысы»
– «Соода-экономикалык иштин мыктысы»
– Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мамлекеттик агенттиктеринин Ардак грамоталары
– ЖККУ алкагында парламенттик кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн медаль (2023-жыл)
– КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын «МПА СНГ. 30 жыл» медалы
– «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы
– Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын «Мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн» медалы
– Уч-Дөбө жана Арстанбап айыл аймактарынын Ардактуу жараны
Класстык чини
– «Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, 3-класс» (2020-жыл)
– «Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, 2-класс» (2023-жыл)