Садыр Жапаров Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяини кабыл алды
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяини кабыл алды.

Өлкөнү индустриялаштырууга, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган масштабдуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле айыл чарба жана энергетика тармактарындагы артыкчылыктуу демилгелерди колдоо перспективалары талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан индустриялаштырууну өлкөнүн дүйнөлүк экономикадагы позициясын өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн багыттарынын бири катары караарын айтты. 

Ал кошумча наркы жогору болгон тармактарды өнүктүрүүнүн, кайра иштетүүнү кеңейтүүнүн жана өнөр жайды модернизациялоонун маанилүүлүгүн ырастап, Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкын бул багытта активдүү кызматташууга чакырды.

Президент Садыр Жапаров транспорттук инфратүзүмдөрдү жана логистиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстанды региондук хабга айландыруу стратегиялык максат экенин белгиледи. Ал ушул тармактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, экономикалык өсүш үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты.

Ошондой эле Президент электр энергиясынын тартыштыгын жоюу артыкчылыктуу милдеттердин бири экенин белгилеп, генерацияны өнүктүрүү, энергетикалык инфратүзүмдү модернизациялоо жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу пландарына токтолду.

Ал бул тармактагы ири долбоорлордун ишке ашырылышы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгилеп өттү.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жол инфратүзүмүнө инвестицияларды салуунун маанисине токтолуп, АИИБди артыкчылыктуу долбоорлор боюнча өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө чакырды.

Өз кезегинде Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяи Кыргызстанды Банктын маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири катары карай турганын айтып, республика Банктын негиздөөчү өлкөлөрүнүн бири экенине токтолду.

Ал өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатка жогору баа берип, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу динамикасы байкалып жатканын айтты.

Цзоу Цзяи АИИБ ишке ашырылып жаткан долбоорлорду каржылоону улантууга жана Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарына шайкеш келген жаңы демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Ал инфратүзүмдү өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды чыңдоо, соода жана инвестицияларды кеңейтүү, ошондой эле жеке секторду колдоо багытындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Айрыкча “Камбар-Ата – 1” ГЭСин куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. АИИБ башчысы бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо чоң мааниге ээ экенин белгилеп, Банк аны каржылоого катышуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары Цзоу Цзяи “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун колдоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даярдыгын билдирип, мындан ары иштеп чыгуу үчүн кыргыз тараптан так сунуштарды күтөөрүн айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында ал АИИБ Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган каржылык механизмдерди жана инструменттерди мындан ары да карап чыгууну улантарын белгиледи.