Таласка келген дарыгерлерге 40 миң сомго чейин кошумча төлөмдөр төлөнүүдө
Новость

Талас облусунда медицина тармагындагы кадр жетишсиздигин жоюу максатында облус башчысы Эрмат Жумаевдин демилгеси менен келген 18 дарыгер жана 15 ординатор 2025-жылдын сентябрь айынан бери үзгүлтүксүз иштеп келишет.

Аларды колдоо үчүн “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан кошумча төлөмдөрдү ай сайын төлөп туруу боюнча келишимдер түзүлүп, учурда адистер иштеген ар бир айы үчүн кошумча акчаларын толук алып жатышат.

Тактап айтканда, дарыгерлерге врачтык жүктөмүнө жараша 40 миң сомго чейин, ал эми ординаторлорго 12 миң сомдон кошумча төлөмдөр берилип келет.

Облус башчысы Эрмат Джумаев дарыгерлер менен жолугушууда иштеп жаткан адистерге толук колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Ал кошумча төлөмдөр токтобой, үзгүлтүксүз төлөнөрүн баса белгилеп, медицина кызматкерлерине ишеним артып, иштерине ийгилик каалады.

Мындан тышкары, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду буга чейин Талас облусунун саламаттык сактоо тармагын колдоо багытында жалпы 59 долбоорду ишке ашырып, 63 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлгөн.

Бул иштер калктын саламаттыгын жакшыртууга, медициналык кызматтын сапатын көтөрүүгө жана дарыгерлер үчүн шарт түзүүгө багытталган.